Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Симоньян: 9-Май — элдин жашоого кайткан күнү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Георгий тасмасы" акциясынын катышуучулары ата-бабалардын фашизм менен күрөшүүдө кан-жанын аябаган эрдигин жогору баалайт. Бул тууралуу "Россия сегодня" эл аралык медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян ыктыярчыларга кайрылуусунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Акция бейшемби күнү Эл аралык мультимедиалык борбордо башталды. Быйылкы иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, ал эми акциянын өзү 20 жылдыгын белгилеп жатат.
Симоньяндын кайрылуусу акциянын башталышына арналып өтүп жаткан маалымат жыйында көрсөтүлдү.
"Мен үчүн эки маанилүү майрам бар, биринчиси — Пасха, экинчиси — 9-Май. Эки майрам тең элдин болуп көрбөгөндөй жоготууларга учурап отуруп акыры жашоого кайткан күнүн эске салат", — деген Симоньян.
Ал фашизм менен күрөшүү абдан чоң апаат болгонун белгиледи.
"Биз үчүн жанын кыйып, канын төгүп, бир мүчөсүнөн ажырап, эрдик көрсөтүп кайткан адамдарга насили начар, ичи заар киши гана нааразы болот. Ушул жерге чогулуп жаткандан кийин араңарда андай адамдардын болушу мүмкүн эмес. Демек, ата-бабалардын эмгеги, эрдиги эсиңерде. Эл катары жашоого кайтып, түбөлүк өмүр сүрүүбүздүн кепилдиги да ушул", — деген Симоньян.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Кыргызстандын аскерлери Москва жана Минскидеги парадга катышуу үчүн жөнөп кетишти