БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Өлкөдө 80ден ашуун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоор ишке берилди. Бул тууралуу Инвестициялык кеңештин МЖӨ боюнча эксперти Чолпон Асакеева Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, долбоорлор өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырылган эмес, буга бизнесмендердин кызыгуусу болгону менен артыкчылыктарын биле беришпегени себеп.
"Ишке ашыруу мөөнөтү 10-25 жылга чейин болгондуктан чоң инфраструктуралык долбоорлор МЖӨ аркылуу ишке ашат. Учурдагы МЖӨ аркылуу ишке берилген 80 долбоордун ичинде бала бакча, медициналык мекемелер жана Оштогу таштандыны кайра иштетүүчү ишкана бар. Мындай ишкананы Балыкчы жана Чолпон-Атада да ачуу пландалууда. Бул долбоорлордун негизги өнөктөшү "Тазалык" ишканасы болуп саналат. Ошол эле Өзгөн — Ош акы төлөнүүчү жолунун курулушу түштүк борборго жетүү убактысын кыскартып, негизги трассаны жеңилдетти. Ошондой эле МЖӨ алкагында Гемодиализ борбору ачылган", — деди Асакеева.