БРИКС Батыш монополиясына чекит коюуга жана АКШ демилгелеген бир тараптуу тариф согушуна каршы турууга аракет кылууда. Бул туурасында Шанхайдагы RimPa стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун директору Пэнь Бо "Валдай — новое поколение" деп аталган II конференцияда айтты.
Иш-чара Москва шаарында өтүп жатат.
"БРИКСке мүчө мамлекеттер буфердик аймак түзүп, сооданы өнүктүрүүчү эсептердин жаңы системасы менен механизмин түптөдү. Аталган уюм цивилизациялар диалогуна зор маани берет. Батыш жашап жаткан система алар калгандарынан өйдө турушу керек деген нерсени туюнтса, ал эми БРИКС дүйнөлүк деңгээлде адилеттүүлүк менен урматтоону жайылтат", — деген Пэнь Бо.