БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтында 26-27-апрелде Бишкек шаарынын 147 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Иммерсивдик иш-чара (жасалма жол менен түзүлгөн чөйрөгө чөмүлүү) саат 13:00дөн 22:00гө чейин уланат. Анда салттуулук менен заманбап технологияларды айкалыштырган спектаклдер жана оюн-зоок көрсөтүлөт.
"Жандуу үн менен коштолгон концерт, көз жоосун алган бий, виртуалдуу технологияларды колдонгон стенддер жана интерактивдүү оюндар шаар тургундарына майрамдык шаң тартуулайт", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарада өзгөчө добуштар менен коштолгон 3D мэппинг-шоу конокторго унутулгус таасир калтырары кошумчаланды.