Аз эле аянттан 500 миң сом тапса болот. Айыл чарба министрлигинин кеңеши

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги аз аянт жерден кантип жарым миллион сомго чейин киреше тапса болорун айтты.
Ведомство 10 сотых жерге 80 түп гилас, 330 карагат көчөттөрүн отургузууга боло турганын белгиледи. Мындай ыкманын көп артыкчылыктары бар. Мисалы, жерди семиртип, бош жерлерди кыскартат жана туруктуу кирешени камсыз кылат.
Биринчи жылы карагат 300 килограммга чейин түшүм берип, 60 миң сомго чейин киреше алып келет. Ал эми гилас багы үч жылдан кийин түшүм бере баштайт. Орто эсеп менен жылына 2,5 тоннага чейин мөмө алынат (80 бактан), бир килограммынын орточо баасы 200 сом болгондо, жылына 500 миң сом киреше алып келет.
Министрликтин эсеби боюнча, мындай бакчага кеткен чыгымдын суммасы 100 миң сомдон ашпайт. Мунун ичине тамчылатып сугаруу системасы да кирет.
Министрлик дыйкандарды картошканы ченеп айдоого чакырды