Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Financial Times: АКШ Крымды тааный турган болсо, Европа биримдиги жок болот

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. АКШнын Крымды таануу боюнча аракеттери Европа мамлекеттеринин биримдигин кыйратат. Бул тууралуу ЕБдеги өкүлдүн айтканына таянып Financial Times жазганын РИА Новости кабарлады.
"Абал начар. АКШнын Крымды Россияныкы деп тааный турган бардык кадамы, Европа өлкөлөрүнөн Москвадан санкцияларды алуу боюнча койгон талабы ЕБдеги биримдикти жок кылат", — деп айткан өзүн ачыктагысы келбеген чиновник.
Басылманын маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадан Крымды таанууну талап кылышы Европа мамлекеттерин эки анжы абалга кептеди: ушу тапта алар же Киевди колдоорун, же Вашингтондун айтканына көнөрүн билбей кыйналып турушат.
"Айрым европалык чиновниктер Трамптын администрациясынын бир тараптуу макулдашуусу боюнча эки ача пикир Лондон, Берлин жана башка борборлор менен ортодогу алакага суу сээп, трансатлантикалык коопсуздукка доо кетирип, июндун аягында өтө турган НАТО саммитин үзгүлтүккө учуратат деп кооптонушууда", — деп айтылат макалада.
Анткен менен Европа Трамптын администрациясын Крымды тааный албай турганы боюнча кабардар кылганы белгиленди. Маалымат берген аткаминердин айтымында, европалык алдыңкы мамлекеттер Вашингтонду Крымды бир тараптуу таануу оюнан кайттырууга аракет кылышат.
Washington Post буга чейин АКШ шаршемби күнү Лондондо өтчү жолугушууда Крымды Россияныкы деп таанууну сунуштай турганын, ал эми европалык союздаштар бул үчүн Киевге коопсуздук кепилдигин алууга аракет кыларын жазган.
Деген менен жолугушуу өткөн жок. Кечээ Трамп Владимир Зеленскийдин Крым боюнча айткан сөздөрү Россия менен сүйлөшүүгө терс таасирин тийгизерин белгилеп нааразы болгон. Америкалык лидердин айтымында, Украинада абал азыр начар, мындан улам Зеленский тынчтык орнотууга макул болушу керек, болбосо үч жылдан кийин өлкөсүн биротоло жоготуп алат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Россия АКШ менен тынчтыкты талкуулап жатат, европалыктар согушту талап кылууда