БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ала-Букадагы коррупцияга байланыштуу Таластын акимдеринин бири кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы Ала-Буканын акиминин орун басары үй куруу үчүн мамлекеттик дарыкананын 70 сотых жерин мыйзамсыз берген.
Жер жеке колдорго берилип, мамлекетке 44,2 миллион сом зыян келтирилген. "Коррупция" беренеси менен иш козголуп, бул кылмышка шектелип Ала-Бука районунун акиминин мурдагы орун басары, учурда Талас облусунун райондорунун биринин жетекчиси С.Б. кармалган.
Бул инициалдар Айтматов районунун акими Бектур Сагымбаевге дал келүүдө.