Асыл тукум мал багуунун көптөгөн артыкчылыктары бар. Биринчиден сүтү мол, эти мол болот. Аны кармоого корогон чыгымдын көлөмү жана жаратылышка зыяны аз. Дал ушундай аргумент менен айыл чарба министрлиги соңку жылдары элди асыл тукум мал багууга үндөп келет.
Бүгүнкү “Ачык кеп” програмасында өлкөдө асыл тукум малды көбөйтүү иши кандай жүрүп жатканы тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин Асыл тукум мал чарбаны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Асылбек Байдөөлөтов жооп берди.