2025-жылдын 4-9-апрелинде Санкт-Петербургда XXVII орус театрынын “Орусиядагы жолугушуулар” фестивалы өттү. Бул жылы фестиваль Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, “Ар бирин атынан эскерели” деген ураан астында жүрдү. Фестиваль катышуучуларды жана көрүүчүлөрдү совет элинин эрдигин эскерүү үчүн бириктирүүгө багытталган. Бул фестивалга Кыргызстандын атынан Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театрынын өкүлдөрү барып катышып келди. Аталган театрдын Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата даярдыгы, даярдалып жаткан спектаклдер тууралуу баарлаштык. Быйыл театрдын 90 жылдыгы да белгиленет.