Жарым кылым тарыхы бар Авиациялык институт — эл аралык кызматташтыгы, окуу сапаты

Sputnik
Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту бүгүнкү күндө өлкөнүн авиация тармагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келет. 50 жылдык тарыхы бар окуу жай жогорку билим берип, квалификациялуу адистерди даярдап жатат.
СССРдин №1 Эмгек сиңирген учкучу, кыргыз жарандык авиациясынын туптөөчүлөрүнүн биринин атын алып жүргөн институттун учурдагы абалы, окуу сапаты, эл аралык кызматташтыгы тууралуу Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директорунун орун басары Аида Эмчиева менен маек курдук.