Ысык-Көлдө ШКУ марафону өтүп, жайкы туристтик сезон ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышы 3-майда Чолпон-Атада болорун Экономика жана соода министрлиги билдирди.
Ысык-Көлдөгү эл аралык Run the Silk Road марафону ШКУнун алкагындагы күндүн алгачкы иш-чарасы болмокчу. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген миңдеген спортчулар жана ышкыбоздор 42, 21, 10 жана 3 чакырым аралыкка чуркашат. Ошондой эле 10 чакырымга скандинавиялык басуу жана балдардын чуркоосу бар. Маршрут деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашкан Ысык-Көлдүн кооз жээги менен өтөт. Старт менен финиш Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо уюштурулат. Марафон ШКУнун колдоосу менен өтүп, World Athletics системасына кирет жана башка престиждүү жарыштарга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле бул күнү ипподромдун кире беришинде ири туристтик жарманке ачылат. Коноктор туристтик маршруттар тууралуу маалымат алып, оюндарга катышып байгелерди ута алышат. Ошондой эле боз үйлөр тигилген этнографиялык аймак, фудкорт, сувенирлерди жасоо боюнча мастер-класстар, интерактивдүү зоналар жана балдар үчүн оюн-зоок уюштурулат.
Түштөн кийин премьер-министрдин кубогу үчүн жарыштар жана улуттук ат оюндары баш болгон түрдүү мелдештер башталат. Майрамдык программа россиялык эстрада артисттеринин гала-концерти менен аяктайт (башталышы 19:00).
"Туризм-2030: Борбордук Азия бирдиктүү туристтик мейкиндик катары" эл аралык туристтик форуму күндүн негизги иш-чараларынын бири болот. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышат.
Жети-Өгүз курорту, "Көгүлтүр Ысык-Көл" жана "Улан" эс алуу жайлары жаңыланат