Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

"Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы" почта маркасы чыгарылды. Видео

Анын презентациясына "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору Марат Черикчиев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков жана башкалар катышты.
Sputnik
Марка сериясы Советтер Союзунун Баатыры болгон 73 кыргызстандыктын эрдигине арналган.
Долбоорду ишке ашыргандардын бири, "Российская газета" басылмасынын жетекчиси Дмитрий Евлашков маркалардын бир бөлүгү 9-майда Москвада өтө турган Жеңиш парадынын катышуучуларына берилерин белгиледи.
"Российская газета" менен бирге архивдерде чоң жумуш аткарылды. Баатырларыбыздын элесин түбөлүккө калтырууга кошкон салымыбыз деп эсептейм. Иш болжол менен алты айга созулду. Саны чектелүү, жалпы 250 комплект чыгарылды, бирок алар азыр сатыкка чыгарылбайт. Маркалар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине таратылат, бир бөлүгү Жеңиш парадында көрсөтүлөт", — деди Черикчиев.
Ал эми элчи Вакунов маркалардын бир бөлүгү Россия президентинин администрациясына, музейлерге жана мамлекеттик органдарга берилерин белгиледи.
Тема боюнча:
Кара-Балтада "Жеңиш марафону" аталышындагы сүрөт чогултуу акциясы өттү