БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Ошто кармалган кызматкери боюнча комментарий берди.
"Коюлган айыптын маңызы тууралуу толук маалыматыбыз жок, бирок кызматкерибиздин тагдыры бизди тынчсыздандырат. Наталья Секерина Кыргызстандын жараны, бөлүмдүн жергиликтүү кызматкери. "Русский домдо" 2024-жылдын июль айынан бери иштейт жана Оштогу филиалыбыздын ЖМКлар менен кызматташуусуна жооптуу. Биз аны абийирдүү, ачык жана жоопкерчиликтүү кызматкер катары билебиз", — деп айтылат маалыматта.
Өкүлчүлүк тергөө маселенин чоо-жайын тыкыр изилдей турганына үмүт артарын белгилеген.
"Ар кандай божомолдорго жол бербөө үчүн Россиянын илим жана маданият борбору өкмөттөр аралык келишимдин алкагында гана иш жүргүзөрүн баса белгилейбиз", — деп жазды "Русский дом".
Секерина 17-июнга чейин камакта калтырылып, "Жалданмачылык" беренеси боюнча айып тагылган. Маалымат каражаттары дагы үч адам кармалганын жазып чыгышты. Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети козгогон.