Капитан Михаил Афанасьев
Ал 1923-жылы 7-январда Түркстан АССРинде Старая Покровка (азыр Чүй району, Чүй облусу) кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
1940-жылы Фрунзе шаарына көчүп келип, орто мектепте билим алып жана аэроклубда окуйт. Афанасьевди 1941-жылы Чкаловдогу (Оренбург) аскердик-авиациялык мектепке жөнөтүшөт да, 1943-жылы аны аяктайт.
1943-жылы 20-августтан тарта согушка кирген. Улуу Ата Мекендик согуштагы Түштүк, Түндүк-Кавказ, 4-Украин, 1, 2, 3-Прибалтика, Ленинград фронтторунда болот. Ил-2 учагы менен асманда эрдиктерди көрсөтөт. 1945-жылы ага лейтенант Афанасьев 1-Прибалтика фронтундагы 3-аба армиясынын 206-чабуул койгон авиадивизиясынын 807-авиаполкунун авиациялык звеносунун командири болгон.
1945-жылы 8-январга карата душмандын бекемделген жерлерине, аскерлерине жана техникаларына кыргыйдай тийип чабуул жасап, 140 жолу учкан. Согуштагы пилоттук жолунда сегиз танканы, 25 автоунааны, 13 куралды, 400 аскерди жана офицерди жок кылып, эки транспортту сууга чөктүрүп, бир самолетту талкалаганы айтылат.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун 1945-жылдын 18-августунда душманга чабуул койгондогу каармандыгы жана эрдиги үчүн Михаил Афанасьевге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кыл жылдары Кызыл Жылдыз, I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана медалдар менен сыйланган.
Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин Советтик Армияда кызмат кылуусун уланткан. 1948-жылы запаска бошонгон. Кыргыз ССРине кайтып келип, Чүй айылында жашап, араачы болуп иштеген. 1986-жылы 12-октябрда көз жумган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.