БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте каттуу ылдамдыкта келе жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа катарынан турган машиналарды сүзүп токтогон.
Окуя Чыгыш-5 кичи районундагы Кийизбаева көчөсүндө катталды. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу мас абалында болгон, анын айдоочулук күбөлүгү да жок экени маалымдалды.
Каргаша болгон учурда жолдон өтүп бараткан кыздын жолдон буйтап өткөнүн көрүүгө болот. Бактыга жараша, жабыркагандар жок, айдоочу аман-эсен.