УКМК акысыз кызмат үчүн акча алган ЖКККББнын инспекторлорун кармады

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. ИИМге караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын кызматкерлери унааларга жарнама чаптоого уруксат берүүчү документтер үчүн акы алышкан. Бул документтер акысыз берилиши керектиги белгиленди.
"Жооптуу адамдар жасалма тоскоолдуктарды жаратып, уруксат берүү мөөнөтүн создуктуруп, жарандарды акча берүүгө мажбурлашкан", — деп айтылат маалыматта.
Коррупциялык схеманын уюштуруучусу М.А.З. аттуу жаран камакка алынды.
Бишкекте премиум-класстагы 20 батир, эки коммерциялык жай мамлекетке өттү