Борбор Азияда СССР ыдырагандан бери топтолгон маселелер чечиле баштаганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Борбордук Азияда аймактын кооперация процесси башталып, кызматташуу жүрүп жатат. Анда СССР ыдырагандан бери топтолгон көптөгөн маселелер чечиле баштады. Бул туурасында КРСУнун алдындагы стратегиялык анализ жана божомол жасаган институттун илимий кызматкери Арсен Үсөнов айтты.
Анын пикиринде, бул Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын мамлекеттик чек ара жана суу-энергетикалык тармактарындагы маселелерди жөнгө салууга тиешелүү болду.
"Биз аймактын өз ара мамилелерде жаңы тепкичке чыгууга аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Бул деңгээлде өлкөлөр өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алышат, бирок ошол эле учурда регион ичиндеги тынч жана туруктуу өнүгүү үчүн зарыл болгон кызматташууну эстен чыгарбайт. Борбордук Азия жакынкы стратегиялык өнөктөштөрү Кытай жана Россия менен мамилелерди татаалдаштырууга кызыкдар эмес деп ойлойм", — деди Үсөнов "Валдай" форумунда.
РФтин коңшулары менен алакасы артты. Россия — Борбор Азия мамилеси тууралуу