Улуттук банктын 100 граммдык алтын куймасынын баасы 1 млн. сомго чамалап барды

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улуттук банктын 100 граммдык алтын куймаларынын баасы кезектеги рекордду жаңыртты.
23-апрелге карата баа:
жүз граммдык куйма — 991 миң 786 сом;
унциясы (31,1 грамм) — 305 миң 507,5;
10 граммдык — 98 миң 39;
беш граммдык — 49 миң 960,5;
эки граммдык — 20 миң 739;
бир граммдык — 11 миң 21,5.
Жыл башынан бери бир граммдык куймалардын баасы 2,1 миң сомго кымбаттады, ал эми эң чоң куймалардын наркы 224 миң сомго өстү. Эскерте кетсек, 2015-жылы куймалар жаңыдан сатыла баштаганда бир граммдык куйма 3,8 миң сом, ал эми 100 граммдыгы 235 миң сом болчу.
Дүйнөлүк рыноктордо дагы баалуу металл жаңы рекорддорду коюуда, учурда алтындын бир унциясы 3 миң 433,5 доллар турат (жыл башында 2 миң 646 доллар эле).
Алтындын баасы кайрадан рекорд жаңыртты. Эксперттер эмне дейт