Дыйкандарга лизингге берүү үчүн 1800 айыл чарба техникасын сатып алуу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Дыйкандарга 1 800 даана айыл чарба техникасын сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда келишимге кол коюлган. 45,11 миллион доллар айыл чарба техникасын лизингге сатып алууга жумшалат. Мында дүйнөлүк рыноктордогу баа эске алынмакчы. Тизмеде төмөнкүлөр бар:
ар кандай маркадагы жана модификациядагы 600 трактор;
дан жыйноочу жана тоют жыйноочу 100 комбайн;
1000ге жакын айыл чарба машиналары жана жабдуулар.
Өлкөдө алгачкы ирет жер айдоо боюнча чемпионат жана кой кыркуу боюнча сынак өтөт