БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бардыгы келип дүйнөнүн бир нече валюталык аймакка бөлүнүшүнө такалууда, мунун ичинде евронуку пайда болгон. Ал эми бизде евразиялык бөлүгү жаралат деп ишенем. Бул туурасында финансылык аналитик Александр Разуваев алтындын кымбатташы боюнча пикирин билдирип жатып айтты.
© Sputnik_Infographics
Алтын мында өтө зор роль ойнойт, бирок валютага байланып калбайт.
"Россияда алтын рублдин түшүп кетишинен улам кымбаттаган жок. Бизде анын кору 2 миллион тоннадан көбүрөөк. Ал эми СССР учурунда 0 болчу", — деген.
Ал Россия банкындагы резервде алтындын монетардык үлүшү 35 пайыздын тегерегинде экенин, ал РФтин аймагында сакталып турганын жана бул боюнча эч кандай санкция болушу мүмкүн эместигин кошумчалады.
Бул кымбат металл доллар менен соодаланат, ал эми баасынын түшүп кетишине дүйнөлүк Борбордук банктардын АКШнын облигациялары мурдагыдай ишенимдүү эместигинен улам кооптонуп тургандыгы себеп болууда.
"Башка жагынан да алып кароого болот. Алтын кымбаттаган жок, доллар ага салыштырмалуу түшүп жатат. Андай болгондо кеп алтын жактан болгон валюта согушу туурасында жүрмөкчү. Бул — доллардын ылдыйлашы", — деген эксперт.