Акылбек Жапаров "Крипта Азия" компаниясын негиздеди

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров "Крипта Азия" компаниясын негиздеди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин сайтында айтылган.
Компания апрелдин башында Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, министрлер кабинетинин мурдагы башчысы директор катары көрсөтүлгөн.
Иштин түрү катары "башка топторго кирбеген ар түрдүү каржылык ортомчулук" деп көрсөтүлгөн.
Компания Бишкектин Свердлов районунда катталган.
Эске салсак, Акылбек Жапаров 16-декабрда министрлер кабинетинин төрагалыгынан бошотулуп, ордуна Адылбек Касымалиев келген.
Садыр Жапаров ККАОнун 100 жылдыгына карата 100 инсанды сыйлады