24-апрелге карата аба ырайы

24-апрелде өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй облусунда 19…24, Таласта 17…22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 20…25, Ысык-Көл өрөөнүндө 11…16, Нарын жергесинде 9…14 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек шаарында 21…23, Ош калаасында 22…24 градуска чейин көтөрүлөт.
Дыйкандарга лизингге берүү үчүн 1800 айыл чарба техникасын сатып алуу пландалууда