ЕАЭБдин Иран менен эркин соода келишими Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат

Sputnik
Евразиялык экономикалык биримдик менен Ирандын ортосундагы толук масштабдуу эркин соода келишими үстүбүздөгү жылдын 15-майынан тарта күчүнө кирет. Евразиялык экономикалык комиссиянын кабарлашынча тараптар бардык ички процедураларды соңуна чыгарган. Муну менен катар эле Иордания дагы Евразиялык экономикалык биримдик менен эркин соода келишимин түзүүгө кызыктарлыгын билдирип учурда тараптар жол жобосун талкуулап жатканы кабарланды.
Бул Эркин соода келишимдери эмне артыкчылык берет? Кандай ыңгайлуулуктарды түзөт. Мунун баары Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Ушул жана башка суроолорубузга Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев жооп берди.