Күн жылып, жаздынкелиши менен адамдар таза абага чыгып, сейилдөөнү көбөйтөт. Айрыкча шаардын ызы-чуусунан чарчаган шаар тургундары жаратылыштын койнунда эс алгандан ырахаттанат.Ушул маалда кенелер ойгонуп, майда курт-кумурскалар да чыга баштайт. Алардан нерв системасын жабыркатуучу курч кармаган жугуштуу вирустук оору — кене энцефалити жугушуу мүмкүн. Ошондуктан, кенелерден сактануу үчүн бир нече профилактикалык чараларды алуу маанилүү. Алар май айында күч алышат. Ачык түстөгү жана узун жеңдүү кийимдерди ошондой эле узун шымдарды кийүү кенелердин чагып алуусунан сактайт. Жаратылышта иштегендер вакцина алышы керектигин Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөлөмдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары маалымдады.