Кыргызстанда "Электрондук апостиль" системасын ишке киргизүү пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Электрондук апостиль" системасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.
Аталаган система апостиль коюуга арыз кабыл алуудан баштап, документтердин жана ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүүгө, "Апостиль" электрондук мөөрүн тариздөөгө, аны системада каттоодон өткөрүүгө жана мамлекеттик алымды төлөөгө чейинки бардык процессти камтыйт.
Система ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү платформасы "Түндүк" менен интеграцияланат.
"Мунун аркасында жарандарга кошумча маалым каттарды, кол тамгалардын жана мөөрлөрдүн үлгүлөрүн берүү зарыл болбойт, баары санарип форматта текшерилет", — деп айтылат маалыматта.
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктар 2020-жылдан тартып Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө берилген.
Апостиль — бул расмий документтин түп нуска экенин тастыктаган мөөр. Ал Гаага конвенциясына кошулган бардык өлкөлөрдө таанылат.
Баетов: айрым медициналык кызматтар аутсорсингге берилиши ыктымал