БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Владимир Зеленский Украина боюнча Киев режими менен АКШ, Франция жана Улуу Британия өкүлдөрүнүн Лондондогу жолугушуусу шаршемби күнү өтөрүн Telegram каналынан билдирди.
Буга чейин Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко* Украина боюнча кезектеги жолугушуу Лондондо шейшемби күнү болорун кабарлаган эле.
"Шаршембиде өкүлдөрүбүз Лондондо иштей баштайт. Украина, Британия, Франция жана Кошмо Штаттар. Ок атууну биротоло токтотуп, чыныгы тынчтыктын орношу үчүн алдыга кадам шилтөөгө даярбыз", — деп жазган Зеленский.
Белгилей кетсек, 18-апрель күнү АКШ мамкатчысы Марко Рубио Европа жана Киевдин өкүлдөрү менен кийинки жолугушууда украин маселесин жөнгө салуу боюнча жыйынтык айкыныраак болот деп үмүт артып жатканын билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн так күнү белгилене элек болчу, бирок кийинки апта деп божомолдонуп жаткан.
* Россияда террорчулар менен экстремисттердин тизмесине киргизилген.