Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

РФ ТИМи Батыштын 9-Майга келбөө жана бомбалоо чакырыгына реакция кылды

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. ЕБдин 9-майда Москвага келүүгө тыюу салуусу жана Германия бийлигинин Киевге Россияны немецтик алыска атылуучу курал менен бомбалоо чакырыктары — расалык өйдөсүнүү теориясын жогору койгондук. Мындай пикирин РФтин тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин айтканын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Брюссель Москвага, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата 9-майда болчу салтанатка келишине европалык жетекчилерге тыюу салууда. Германиянын болочоктогу канцлеринин, башка бирөөнүн эмес, нацизм жаралган Германияны немецтик алыска атылуучу куралды колдонуп Россияны, тагыраагы, жарандык инфраструктураларды бомбалоого чакырыгы айтылды. Мунун баары өтө олуттуу нерсе", — деген ал.
Галузин ССтик Брюссель жана Евробиримдиктин русофобия ашкере өнүккөн өлкөлөрү нацизмди кайра жандантууга аракет кылып жатканын белгилеген.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Каллас мага буйрук бербесин! Словакия премьеринин ЕБ комиссарына жообу. Видео