Лейтенант Петр Колесников
Ал 1922-жылы 21-февралда Түркстан АССРинин Семеновка айылында (азыр Кожояр-Ата айылы, Ысык-Көл облусу) туулган. 1942-жылы армияга чакырылган. Борбордук, 1-Украин, 1-Беларусь фронтторунда согушкан.
Курск догосунда, Орловдогу, Киевдеги коргонуу жана чабуул койгон операцияларга катышкан. Киевди бошотууга, Житомир-Бердичев, Проскуров-Черновицк, Львов-Сандомир, Висла-Одер чабуул операцияларына да катышкан. Согушта үч ирет жарадар болгон.
1945-жылы 16-январда Колесников Уляски-Гжменц (Польша) аймагынын жанында Пилица дарыясынан полктун алдыңкы отряды менен биринчилерден болуп өткөн. Венжовец кыштагында 17-январда анын батареясы душмандын жөө аскерлер жана танкалык тобу менен кармашып, курчоодон чыгып кеткенге аракет кылышкан. Лейтенант Колесников өзү эки куралды, сооттолгон үч бронетранспортерду жана эки автоунааны жок кылган. Ушул согушта жаракат алып, 28-январда көз жумган. Сөөгү Польшадагы Лович шаарына коюлган.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун 1945-жылдын 27-февралдагы жарлыгы менен командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн Петр Колесниковго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийинчерээк эки Кызыл Жылдыз жана I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган.
Колесниковдун бюсту Кыргызстандын Каракол шаарындагы Жеңиш паркына орнотулган. Аты өзү туулуп-өскөн айылындагы мектепке ыйгарылып, ал жердеги музейде баатырдын каармандыгы боюнча даңк бурчу уюштурулган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.