БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын ишине QR-код аркылуу баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Бул үчүн "Пикирлер" маалыматтык тутумун ишке киргизүү мерчемделип, жобосун Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги даярдаган.
"Бүгүнкү күндө санариптештирүү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги куралы болуп калууда. Ошондуктан министрликтер менен ведомстволордун ишин калыс баалоо системасын киргизүү өзгөчө актуалдуу болуп саналат", — деп жазылган документтин негиздемесинде.
Сунушталган механизмдин өзгөчөлүктөрү:
жарандар QR-кодду сканерлөө же мобилдик тиркеме аркылуу баа бере алышат;
5 баллдык шкала колдонулат, комментарий калтырууга мүмкүнчүлүк бар;
бардык баалар модерациядан өтөт жана жыйынтыгы ачык жарыяланат;
мамлекеттик органдар өз ишин жакшыртуу үчүн так маалымат алышат.
Долбоор жарандарга да, мамлекеттик органдарга дагы кызматтын сапатын жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүк түзөрү кошумчаланган.