БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда “Дүйнөнү өзгөрткөн аял” V эл аралык сынагына арыздар кабыл алына баштады. Бул тууралуу КР эмгек сиңирген артисти, “Мекендештер бирикмесинин” президенти Галина Кетова Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Сынак Бишкектеги "Русский домдун" колдоосу менен “Мекендештер биримдиги” коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлүүдө. Анын негизги максаты – салттуу маданий-адептик баалуулуктарды сактоо, азыркы коомдогу аялдардын социалдык абалын жакшыртуу, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана маданий өнүгүүсүнө кошкон салымына коомчулуктун көңүлүн буруу.
Сынакка кесиби боюнча ийгиликтерге жетишкен, коомдук иштерге, кайрымдуулукка аралашкан, келечек муундун тарбиясына көңүл бурган айымдар катыша алат.
“Коомчулук бизди кандай сонун аялдар курчап турганын, алгылыктуу иштери менен шыктандырып келишерин билсе дейм. Катышуучулар менен таанышканда алардан күч-кубат аласың", — деди Кетова.
Сынакта 13 номинация бар:
Н.Голиков атындагы “Медицина”;
О.Мануйлова атындагы “Маданият”;
Е.Розова атындагы “Илим жана жогорку мектеп”;
М.Панфилова атындагы “Социалдык иш жана ыктыярчылык”;
Э.Паско атындагы “Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдары”;
Жебина атындагы “Дене тарбия жана спорт”;
“Шаардык экономика”;
“Жылдын жаштар долбоору” (14-18 жаштагы катышуучулар үчүн);
“Элдик дипломатия”;
Токтогон Алтыбасарова атындагы "Баатыр эне";
"Супер чоң эне";
“Мугалим жана насаатчы”;
Святая равноапостольная княгиня Ольга атындагы эл аралык номинация.
Сынактын шарттары менен таанышып, шилтеме аркылуу арыз тапшырууга болот. Арыздар 10-май түнкү саат 23:55ке чейин кабыл алынат.
Финал 18-майда болот.