Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. БШКнын мурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандын Австриядагы элчиси жана ишин айкалыштыруу менен ЕККУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Шайлдабекова 2016-жылдын июнь айында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, кийин төрайымы болуп дайындалган. 2021-жылдын июль айында БШКнын жаңы курамы түзүлгөндүктөн кайрадан төрайым болуп шайланган. Ушул жылдын февраль айында өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазып, html.
Нуржан Шайлдабекованын өмүр баяны бул шилтемеде.
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы алмашты