БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз курорту, "Улан" балдардын ден соолугун чыңдоо борбору жана "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионаты оңдолот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, бул үч объект Профсоюздар федерациясынан аталган башкармалыкка өткөн.
Эс алуу жайларына санариптик башкаруу системасы киргизилип, оңдолуп, быйыл ишке берилери күтүлүүдө.
"Мурун Профсоюздар федерациясынын карамагында болгон бул жайлар көп жылдан бери каралбай, жараксыз абалда калган. Азыр аларга экинчи өмүр берилип, мамлекеттик деңгээлде натыйжалуу башкаруу киргизилди", — деп жазган Туманбаев.
Ошондой эле ал кызматкерлердин маянасы көтөрүлөрүн кошумчалаган.