ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирине жумуртканын экспорту 155 эсеге көбөйдү

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирине жумуртка экспорттоо 155 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь-март айларынын ичинде Кыргызстан Казакстанга 8 миллион 812,8 миң жумуртка саткан. Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгында аталган мамлекетке 56 600 даана жумуртка экспорттолгон.
Кыргызстан ЕАЭБде жумуртка өндүрүү боюнча алдыңкы орунга чыкты