БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкекте биринчи класска кире турган 14 миңдей жеткинчек бала бакчалардын имаратында окушу ыктымал. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү департаментинин башчысы Рахат Мусаева билдирди.
Анын айтымында, быйыл 23 миңдей бала 1-класска, 25 миңдей бала 2-класска алынары болжолдонуп жатат.
"Бардык экинчи класстын окуучуларын мектептерге толугу менен жайгаштыруу пландалууда. Ал эми 1-классттын 9 миң баласы мектептерде, 14 миңи бакча имараттарында окутулат. Бул сан азайышы да мүмкүн", — деди Мусаева.
Ошондой эле ал окуу 35 мүнөттөн болуп, балдар 3-4 сааттан кийин үйүнө кетерин, андан кийин экинчи смена келерин кошумчалады.