БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандын чыгаан аялдары өлкөнүн гана эмес, Евразия мейкиндигине тынчтык орнотууга салым кошкон. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев брифингде билдирди.
Ал "Дүйнөнү өзгөрткөн аял" аталышындагы V эл аралык сынак башталганын белгиледи. Айтымында, иш-чара Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун ("Русский дом") колдоосу менен "Мекендештер биримдиги" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.
"Россотрудничество үчүн бул маанилүү долбоор. Аны бир нече жылдан бери колдоп келе жатабыз. Аялдардын коомдук-саясий жашоодо ролу өсүүдө, ошол эле учурда алардын үй-бүлөдөгү ордун сактап калуу маанилүү. Көбү экөөнү бирдей алып кетүүдө. Кыргызстандын көрүнүктүү аялдары өлкөдө жана бүтүндөй Евразияда тынчтык, ынтымак өкүм сүрүшүнө салым кошушкан", — деди Зульхарнеев.
Ал Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору сынактын бир нече номинациясын колдоп жатканын белгиледи.
"Алардын бири — "Мугалим жана устат 2025". Мугалим — керектүү, ошол эле учурда коомдун басымына кабылган кесиптердин бири. Бул номинациянын максаты — педагогдордун ишине баа берип, алардын миссиясынын теңдешсиз экенин көрсөтүү", — деди ал.
"Дүйнөнү өзгөрткөн аял" сынагында жалпысынан 13 номинация бар.