БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. 23-апрель, шаршембиде, өрөөндөрдө жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көлдө +10...+15, Нарын өрөөнүндө +8...+13 градус жылуу болот.
Термометр борбор калаада +19…+21, Ош шаарында +18...+20 градусту көрсөтөт.