Чек ара аскер кызматынын подполковниги Жаманкул Жээнчураев Ташкент шаарындагы аскердик окуу жайын бүтүргөн алгачкы кыргыз офицерлеринин бири болгон. Ал 1928-жылдардан тарта Фергана өрөөнүндө, Кара-Кум талааларында душмандарды жок кылууга өз салымын кошкон. 1931-1933-жылдары басмачыларга каршы Кара-Кум жана Мангышлак операцияларына катышат да, 1934-жылы Казакстанда Кызыл Туулуу Бакты чек ара отрядында жана 49-заставасында кызмат өтөйт. Москванын алдындагы салгылаш учурунда Юшково айылынын жанында Жаманкул Жээнчураев жетектеген чек арачылар ротасы фашисттердин мыкты деген аскердик түзүмүн талкалаган. Анын бул эрдигин чагылдырган экспозиция Москвадагы Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын музейинде орун алган. Жээнчураев 1950-жылдарга чейин Улуу Ата Мекендик согуш аяктаса да согуштун кесепеттери менен күрөшүп жүргөн. Андан соң өмүрүн жазуучулукка арнаган.