Кыздардын бай адамга турмушка чыгуу кыялы — бул жөнгана акчага болгон кызыгуу эмес. Ал коомдогу туруктуулукка, коопсуздукка,колдоого болгон муктаждык. Ошондуктан бай жашоо менен катар түгөйүн сезим менен тандап, бекем үй-бүлө курууга болот. Эгерде сүйүү, түшүнүү, урматтоо жок болсо,байлык адамдын бактылуу болушуна жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Тескерисинче, жакыр жашоодо да сезимдер өчүп, түгөйлөр бактысыз болушу ыктымал. Адистердин айтымында, кыздардын бай күйөөгө чыгуу каалоосуна социалдык тармактардагы бай, атактуу адамдарга турмушка чыккан кыздардын жашоосу, кино-сериалдагы байлардын кооз жашоолору таасир этүүдө.
Демек кыз же жигит болобу турмуш курарда эмнеге маани бериши керек? Кыздардын түгөйүнүн байлыгына караганы дурусбу?
Жооптуу “Көзмончок” программасынан тыңдаңыздар.