Дүйнөнүн төрт бурчунан чогулган таланттар таймашы - “Интервидение” сынагында Кыргызстандын намысын ким коргойт?

Sputnik
Быйыл эл аралык “Интервидение” музыкалык сынагы алгачкы ирет өтүп жатат. Ага Кыргызстан да катышууда. Сынактын масштабы жана андагы атаандаштык абдан чоң. Дүйнөнүн төрт бурчунан барган таланттар таймашып, баш байгеси 300 миң еврону түзөт. Бул иш-чарада Кыргызстандын намысын коргой турган киши 23-апрелде тандалат. Ага 15 ырчы катышат. Бүгүнкү “Ачык кеп" программасында дал ушул сынак жана өлкөнүн атынан бара турган ырчы кантип тандалары тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы “Кыргыз маданият сервис” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары, “Интервидение” музыкалык сынагын Кыргызстандагы координатору Өмүрбек Андарбеков жооп берди.