ЕАЭБде “бирдиктүү терезе” механизми кандай натыйжа берип жатат?

Sputnik
2021-жылы ЕЭК кеңеши “Стратегия — 2025ти” ишке ашыруунун механизмдерин аныктаган. Алардын ичинде маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн улуттук "бирдиктүү терезе" механизмин ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду көрсөтүүгө байланышкан иш-чаралар бар.
Учурда бул система ЕАЭБде кандай иштеп жатканын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору" мамлекеттик ишканасынын аналитика бөлүмүнүн жетектөөчү бизнес-аналитиги Жайнарбек Нурбаев айтып берди.