БИШКЕК, 21-апр. – Sputnik. Биринчи май райондук сот Тилекмат Күрөңовдун бөгөт чарасын карап, 19-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарга шектелген Күрөңов Бириккен Араб Эмирликтеринен колго түшүп, Кыргызстанга алып келинген.
Атайын кызматтын маалыматында чет өлкөдө жүргөн Күрөңов социалдык тармактардагы аккаунттары аркылуу массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алууга чакырык жасап келгени айтылат.