Жапаровдун Бахрейнге болгон сапарынын алкагында 9 документке кол коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифанын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир нече документке кол коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, кол коюлган документтер маданий, экономикалык, социалдык жана башка тармактарды камтыган.
Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган документтердин тизмеси:
Дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө макулдашуу;
Экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Саламаттык сактоо тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Маданият тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Жаштар саясаты жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Юстиция жана сот адилеттиги тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Дин чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, король Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн Падышачылыгына расмий сапар менен барган.
Садыр Жапаров Бахрейндин падышасы менен жолугуп, аны Кыргызстанга чакырды