БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Жапаров 21-апрелде Бахрейнге расмий сапар менен барды.
Тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты.
“Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти катары кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Бахрейн Королдугуна расмий сапар менен келиши ал үчүн зор сыймык экенин белгиледи. Ал өз ара пайдалуу өнөктөштүк мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирди”, — деп айтылат маалыматта.
Президент падыша Хамад бин Иса Аль Халифаны Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырган.