БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россия чет элдиктердин өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтүн 10-сентябрга чейин узартты.
КР ТИМинин маалыматына ылайык, бул чечим мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга өзүнүн укуктук макамын иретке келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Буга чейин Россия президентинин жарлыгы боюнча чет элдиктер 30-апрелге чейин документтерин жөнгө салышы керек болчу.