БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Рим папасы Франциск каза болгонун РИА Новости Reuters агенттигине шилтеме кылып кабарлады.
Понтифик 89 жашта эле. Февралдын ортосунда Римдеги "Жемелли" ооруканасына жаткырылган. Маалыматта алгач бронхит илдетин дарылоо керектиги айтылган, кийин өпкөсү кагынгандыгы (оорунун жаңы башталганы) маалым болгон.
Франциск ооруканада беш аптага чукул жаткан. 23-мартта дарыланып чыгып, андан кийин эл алдында бир нече ирет сүйлөгөн. Башка конокторду, тагыраагы, британ падышасы Карл IIIнү, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнсти да кабыл алган.
Анын понтифик кызматында 13 жыл болгондугун айтышты.