БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Пасхага карата жарыяланган элдешүүнүн шартын бузган учуру 5 миңге жетти, деген менен мурункудай активдүүлүк байкалган жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин “Кичи мекен — Россиянын күчү” деп аталган бүткүл россиялык муниципалдык форумдун алкагында сыйлык тапшырып жатып айтканын РИА Новости кабарлады.
РФ лидери согуштук аракеттер жанданганын, ошентсе да Россия бардык тынчтык демилгелери үчүн ачык экенин белгилеп, Киевден да ушундай эле мамиле күтөрүн кошумчалады.
Россия президенти жарандык инфраструктурага сокку урбоо боюнча сунушту “талдап чыгуу керектигин”, себеби Украина аны согуштук максатта пайдаланып жатканын айткан.
Эске салсак, ишемби күнү Владимир Путин Пасханын урматына элдешүү жарыялаган. Россия 19-апрель саат 18.00дөн тарта 21-апрель саат 00.00гө чейин бардык согуштук аракеттерди токтотуп, РФ лидери Украина да Москванын жолун жолдойт деп үмүттөнөрүн билдирген. Анткен менен россиялык аскерлер каршы тараптын жасалышы мүмкүн болгон чабуулдарынын баарына даяр турушу керек эле.
Украина Куралдуу күчтөрү ок атууну токтотуу режимин сактаган жок. Артиллерия менен дрондордон сокку уруп, Донецк менен Курск облустарына алты ирет чабуул коюуга аракет жасап, баарында мизи кайтарылган.