БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде тиешелүү документтери жок иштеп жүргөн 27 чет элдик жаран аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Цехтин кожоюндары жана тартип бузгандар административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн Свердлов РИИБине жеткирилген.
Атайын кызмат тигүү цехтеринин жетекчилигин чет өлкөлүктөрдү ишке мыйзамдуу алууга чакырды.