Министрлик канча мугалим жетишсиз экенин жана көйгөйдү чечүү жолдорун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 2025-2026-окуу жылына мектептерге болжол менен 6 800 мугалим талап кылынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда 3 000 мугалим "Наристе" программасы боюнча иштеп, жакында башталгыч класстарга сабак бере башташат.
"Быйыл мектептерге педагогикалык ЖОЖдун — 2 100, орто кесиптик педагогикалык уюмдардын 6 061 бүтүрүүчүсү бөлүштүрүлөт. Ошондой эле министрлик орус тилдүү мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин жоюу үчүн Россия менен кызматташат. Бул кызматташтыктын алкагында учурда 105 мугалим тартылып, иштеп жатат. Аталган программаны кеңейтүү боюнча иштер уланууда", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле "Заманбап мугалим" программасы ишке киргизилип, анын алкагында Чүй облусунда 29 жаңы мугалим иштеп жатканы кошумчаланды. Келечекте бул программа республиканын бардык аймактарына жайылтылат.
Мамлекеттин кулу эмес. Депутат мугалимдердин ишембиликке тартылышын сындады