БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кармоо учурунда каза болгон кишинин өлүмү боюнча милиция кызматкерлери пробациялык көзөмөлгө алуу менен коё берилди. Маалыматты Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
15-апрелдеги соттун өкүмү менен эки милиция кызматкери тең "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.
Тартип сакчылар 4 жылга эркинен ажыратылып, бирок эки жылга пробациялык көзөмөл колдонулган. Маркумдун жакындары соттун чечими жумшак болуп калганын белгилеп, апелляция берерин айтышууда.
Эске салсак, 9-август күнү С.И. Кыргыз улуттук университетинин имаратына "мени өлтүргүлөрү келип жатат" деп чуркап кирип, 3-кабаттан секирүүгө аракет кылган. Адамдар ага жардам берүүнү каалап токтотууга аракет кылышкан, бирок ал эч кимди уккан эмес.
Кийинчерээк ал имараттан чуркап чыгып, Жибек Жолун көздөй бет алган. Өткөн күнү ал киши өзүн жаман сезип, каза болгону кабарланган. Бирок өлүмүнүн жагдайы айтылган эмес.