Быйыл Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда болот

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда саат 9:00дө өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, салтанаттуу иш-чара өткөрүү үчүн акча чогултууга, уюштурууга тыюу салынат. Ошондой эле тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, ден соолукка коркунуч келтирген техникалык жабдуулар, экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга болбойт.
Аймактык, райондук жана шаардык билим берүү департаменттеринин жооптуу кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болушат.
Министрлик канча мугалим жетишсиз экенин жана көйгөйдү чечүү жолдорун айтты